Тирешүү эмнеге алып барат?

Андай болот, мындай болот деп атып акыры тагдыр чечет деп аткан Президенттик шайлоо да аяктады. Көпчүлүк саясат таануучулар  жана аналитиктер күтүп жаткандай эле жыйынтык чыкты. Бир топ алдыга кетип  Сооронбай Жээнебеков мамлекет башчы болуу шыбагасына ээ болду. Чындыгында  эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай катуу таймаш боло элек эле. Өзгөчө акыркы 10 күндүн ичинде бири-бирин көздөй артиллериялык октор эле атылды окшойт. Эң эле жеткен чеги шайлоо учурундагы Президент Алмазбек Атамбаевдин пресс-конференциясы болду окшойт. Анда ал Бабанов бир топ мурда ага өтө жакын болгондугун,  аны асманга жеткире мактагандыгын, Россиядан Бабановдун  миллиарддаган карызын кечирип бергендигин, жубайлары дагы эже-сиңдидей жакын болуп жүргөндүгүн жарыя кылды. Коомчулукта ар кандай себептерден улам Бабанов  темир тордун артына отургузулбайбы деген суроо пайда болуп кетти. Бабанов сыяктуу ири ишкерге кылмыш козгой турган маселе четинен табылаар.  “Бул тирешүүнүн аягы эмне менен бүтөт?”  деген суроо күн тартибинде катуу бойдон турат.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу