Анжелика, ырчы: «Айчүрөк эже, кептин барын акчага, бир күндүк кызыкчылыкка калтырасыз. Берсем баарын аз дейсиз»

КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева шакирти Анжеликанын “Махабат көлү” аттуу ырды уруксаатсыз аткарып чыкканы үчүн нааразычылыгын билдирген. Социалдык тармакка Айчүрөк айымдын Анжеликага болгон таарынычы, нааразычылыгы ачыкка чыккан соң, көп өтпөй Анжелика өзүнүн устатына төмөндөгүдөй жооп кайтарган: «Сизди кайсыл жерден көрсөм да чуркап барып учурашып, бетиңизден өөп, болгон жакшылыгымды, сыйымды көрсөткүм келет. Эмнеге башкалардай болуп ынтымактуу жүрө албайбыз дегенде — “ЖОК, мен андай эч качан боло албайм” деп кептин баарын акчага, бир күндүк кызыкчылыкка калтырасыз ар дайым. Берсем, баардыгын аз дейсиз, мени төрөбөгөнүңүзгө Аллахка шүгүр! Айткылачы мага, кайсы атактуу бизде өз устатына сураган нерсесин берип, батасын алайын деп аракет кылды эле? Бир гана мен, ошону билип койгула! Анын баракчасында өзү жазып жаткан нерселердин бардыгы 100% калп! Калп экенин өзү да билет.

Ыр талашуу боюнча рекорд койдуңуз го… Качан ырдадыңыз эле бул ырды??? Видео барбы??? Мен сиздин репертуарыңызды жатка билем го…. Мейли эми, Сиз Примадоннасыз, жапжашсыз, сулуусуз, укмушсуз, Сизге эч ким эч качан жетпейт и жеткиси да келбейт! Мы Вас обожаем!!! #крикдуши#20лет#молчала

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу