Тинатин: Апамдын айынан күйөөмдү жаш кыз тартып алмай болду…

Мен өзүм Өзгөндүк болом. Атым Тинатин. Учурда “Дордой” базарында соода менен
алектенип келем. Эмесе кеп башынан болсун.
Анда жалындаган жаш курагым эле. Махабатка мас болуп нарындык жигитке турмушка
чыкканымда апам аябай каршы болгон күн эч эсимден кетпейт. А мен өзүмдүн бактым үчүн
күрөшүп Нурболот менен кол кармашып эки балалуу болдум. Байкуш күйөөм кайын-журтун
канчалык сыйласа дагы дегеле апама жакпай койду. Акыры анын кордугуна чыдай албаган
күйөөм мындан беш жыл мурун болгону бир сыйра кийими менен үйдөн чыгып кетти. Бул
мезгилдин аралыгында тагдырымды талкалагандыгы үчүн апам менен көп эле жолу
уруштум. Бир жолу капа болгон апам:
—Өлүңө отурайын баягы аркалыгыңды эч унута албай койдуң го. Андан башка күйөө жок
бекен?! Эгер аның кайра сени менен жашай турган болсо, анда мени энем экен деп ойлобой
эле кой. Мен сага топурагымды түйүп берем,-деди ачык эле айтып коркутуп.
—Башка күйөөнү урганым жок! Башымды оорутпай айылга кетиңиз!- дедим шолоктоп ыйлап.
Ошондо мага зээни кейиген апам чыдай албай кетип мени менен кошо ыйлады. Андан
көңүлүм катуу кылгандыктан кыжырым кайнап төркү бөлмөгө кирип эшикти ичинен бекитип
алдым. Апам менден кечирим сурап сүйлөшкөнгө аракет кылса да эч ачпай койдум. Анан
күйөөмө телефон чалып акыбалын сурамай болдум.
—Нурболот кандайсың? Экөөбүз жолугуп сүйлөшсөк болобу?- дедим күнөөкөр кишидей
үнүмдү араң чыгарып.
—Жакшы. Менин сенде эч кандай жумушум жок. Мындан кийин тынчымды алба. Сен жеке
турмушуңду өзүң чече албаган алсыз аял турбайсыңбы. Сага энең менен акча гана керек,-
деди кепке келбей тургансып кекетип. Мындай жагымсыз сөздөрдү укканда ызама ээ боло
албагандыктан тилимди тыйбай:
—Сен менден жакшы катынды табарыңа эч ишенбейм. Сага аркалыктар эч тийбейт. Бир гана
баткендик бечара эле эле тийет. Анан ал катыныңдан качып кийин мага качып келесиң,- деп
айтып оозумду жыйгыча күйөөм ого бетер маанайымды түшүрүп: —Көрөсүң, буюрса мен
өзүмдөн 12 жаш кичүү турмушка чыга элек өзгөндүк кызга үйлөнгөнү жатам!- деп айткандан
кийин телефонун өчүрүп салды. Ошол түнү кызганычым ашып-ташып уктай албай кыйналып
чыктым. Эртеси уят-сыйытты жыйыштырып кайнатам менен байланышып ага болгонун
төкпөй-чачпай айтып бердим. Кайнатам менин таламымды талашмак тургай үмүтүмө суу
сээп: —Сен жөн эле убара болуп жатасың. Ал айтканынан кайтпайт. Керек болсо менин да
сөзүмдү укпайт. Өзгөндөн үйлөнө турган болсо биз эч каршы эмеспиз. Эң негизгиси балам
бактылуу жашаса болду,- деп сөзүн жыйынтыктады. Тээ бир учурда улуу келини катары мени
менен сыймыктанган кайнатамдан көңүлүмдү көтөрө турган жакшы сөз укпагандан кийин эми
чындап күйөөмдөн түңүлө баштадым. Күйөөм үйлөнө турган кыз башка жердик болбой
өчөшкөнсүп өзгөндүк болгону үчүн айлам кете баштады. Арадан бир жума өткөндөн кийин
сиңдим менен бир тууган күйөө баламды ортого салып жатып араңдан зорго күйөөмө
жолуктум. Экөө менен жакшылап учурашкан күйөөм мага анча деле көңүл бурган жок. Кыязы
мен көзүнө жалаңкычтай эле көрүнүп калсам керек. Ошол жолугушууда күйөөм мени менен
жарашкысы келбей турганын ачык эле айтып , ал тургай тиги экөөнү көзгө илбей мени
оштуктарча оозго алгыс сөздөр менен бир сыйра ашатып да жиберди. Акырында бир
макалды эсиме салып: —Катын жолдо. Бала белде. Көзүмө көрүнбөй жогол!- деп айткан соң
баягы кыздын сүрөтүн үчөөбүзгө көрсөттү. Чындыгында күйөөмдү акылынан адаштыргыдай
сулуу кыз экен. Аял башым менен мен да ашык болуп кеттим окшойм. Азыр күйөөм менен
кантип жарашуунун амалын билбей жүргөн кезим. Мен күйөөмдү башкага ыраа көрө
албасымды эми гана билдим. Эми гана… Апам биздин жашообузга кийлигишпесе, эл катары
татынакай жашай берет элек… Мен ойлойм андай болгон күндө азыр менин тынчымды алып
жаткан күйөөмдөн 12 жаш кичүү сулуу кыз да биздин жашообузда болбойт эле. Бир чети
күйөөмдү да түшүнсө болот го, канткен менен күйөөм деген ЭРКЕК да… Айла жок, эмне
кылсам…
Тинатиндин айтканын жазып алган: Г. Исабекова

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу