Тимур Саралаев: Эльмира Ибраимованын өз алдынча кетүү чечимин сынга алгандар жаңылышат

Эльмира Султановнанын, Т.Сариевдин штабынын жетекчилигинен кетиши, айрым саясатчылардай болуп кызмат үчүн соодалашууга барбаганын белгиси деп түшүнөм. Эсиңерде болсо, ал «Акжол» партиясынын төрагасынын орун басары болуп жүргөн маалда, «Акжол» туура эмес багыт алганын көрүп, сунушталган кызматтарга азгырынбай кетип калган болчу.
Учурда дагы, Эльмира Ибраимова идеологиялык жана саясий көз караштарынын негизинде өз алдынча кетүү чечимге келгени көпчүлүккө маалым. Мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп жүргөндө, анын артынан бир дагы туура эмес иш байкалган эмес, биздин өлкөдө саналуу эле саясатчылар бар таза репутациясы менен. Бирок ага карабастан, айрым күчтөр, анын кетишин көөлөп, жамандаганга үлгүрүп калышты. Менимче, ар бир инсан өз жолун тандаганга жана ошол багыт менен алдыга көздөй кеткенге толук укуктуу.

Булак: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу