Тимур Саралаев: “Бийлик тандалма куугунтук кылып, эми жаштарды камакка ала баштады!”

Тимур Саралаев: “Бийлик тандалма куугунтук кылып, эми жаштарды камакка ала баштады!”

Мындай пикирин “Жаңы Муун” кыймылынын лидерлеринин бири Тимур Саралаев бүгүн, 22-мартта “24.KG” маалымат агенттигиндеги берген маалымат жыйынында айтты: “Бийлик, мурдатан тандалма саясий куугунтук кылып келсе, эми жаштарды камакка ала баштады. Алгач, жалган жалаа менен бир катар кадыр-барктуу саясатчыларды камакка алып, бириндетип саясаттан сүрүп жок кылуу ишин жүргүзүп жатты. Кийин, өзүнүн бир кездеги жолдошторун камакка салды. Сөз эркиндигине аябагандай кысым күчөөп, башында Дайырбек Орунбековду өзү 2 млн сомго доого жыгып, эми камайбыз деп сотко сүйрөп жүрөт. Дагы бир журналист, коомдук ишмер Уран Ботобеков бийлик кысымынан чыдабай чет өлкөгө качып кетти. Эми, бир катар маалымат каражаттарын миллиондогон доого жыгып, белгилүү журналист Нарын Айыптын үйүн камакка алды. Ушундай адилетсиздикке каршы жөө жүрүш кылган жүздөгөн адамдардын ичинен “Жаңы Муун” кыймылынын мүчөлөрү Мавлян Аскарбеков, Айбек мырзаны кармап кетип 5 күнгө камакка алды. Алар менен бирге Азамат Аттокуров, Расул Умбеталиев жана арачыга түшкөн Мухит аттуу жаш жигитти кошо абакка салды. Коомчулукта кадыр барктуу лидер жаштарды селсаяктарды камаган, ар кандай орулуу адамдар жаткан “кабыл алып бөлүштүрүү” бөлүмүнө алып барды. Биздин жигиттер чыгат, камактан коркуп калбайт. Мурда кандай болсо, ошол духта келишет. Мындай жол менен бийлик бизди коркута албайт!”,-дейт Т.Саралаев.

Булак: “Аргумент.KG”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу