ТИМдин чех компаниясы менен кызматташпоого чакырган март айындагы каты тарады

Кыргызстанда ГЭСтерди курмай болгон чех компаниясы менен кызматташпоого чакырган өкмөттүк документтин көчүрмөсү делген катты кыргызстандык «24.kg» маалымат агенттиги жарыялады. 17-июлда чыккан үч беттик кат Кыргызстандын Австрия менен Чехиядагы элчилигинин жана Тышкы иштер министрлигинин чехиялык Liglass Trading CZ компаниясын изилдегенден кийин Экономика министрлигине жана Улуттук энергохолдингге жиберген жообу болгон. 2017-жылдын 10-мартында жазылган ал катка ТИМдин ошол кездеги орун басары Азамат Үсөнов кол коюп, «Өтө маанилүү!» деп белгиленген.

Анда чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы менен кызматташуудан оолак болуу, ишеним көрсөтпөө тууралуу маалыматтар камтылып, соттук иштери болгондуктан макулдашуу түзбөө сунушталган.

Тышкы иштер министрлиги бул документтин чын-төгүнүн бышыктай да, четке кага да элек.

Буга чейин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты «Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат» деген макала жарыялаган.

Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти Чехиядагы жеке менчик компания курмай болгон. Ал тууралуу келишимдерге10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен Liglass Trading CZ. SRO компаниясынын өкүлдөрү кол койгон. (SE)

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу