Тиллерсон: «Акш менен Орусиянын мамилеси төмөнкү точкада турат»

Орусия президенти Владимир Путин Тиллерсонду кабыл алды. АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Сирия жаңжалын жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү 11-апрелде Москвага келген. Ал 12-апрелде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, сүйлөштү. Путин менен кезигери мурда белгиленген эмес.

Тиллерсон Трамптын администрациясындагы Москвага келген алгачкы эң жогорку аткаминер. Жолугушуу Сирия жаңжалына байланыштуу АКШ-Орусия мамилеси кайрадан чыңалган учурда туш келди. Путиндин кабыл алуусунан кийин Тиллерсон маалымат жыйынында Орусия менен АКШнын мамилеси “төмөнкү точкада” турганын билдирди. Ал эки өзөктүк держава мындай ымалада болбошу керектигин баса белгиледи. Мамлекеттик катчы Украинанын чыгышында тынчтыкты камсыздоодо Москва менен Вашингтондун сөзгө келүүсү кыйын болорун баса белгиледи. Ага карабай, байланыш каналдары дайым ачык экенин ишара кылды. Лавров Тиллерсон менен болгон сүйлөшүүлөр “олуттуу” жана “өтө ачык” болгонун жана АКШ менен Орусиянын кызматташуусу бүтүндөй дүйнөгө пайда алып келерин айтты. Мындан тышкары Лавров Батыш өлкөлөрүн АКШ менен Орусиянын диалогун бузууга айыптады.

Булак: Аргумент

Аргумент.kg
Жооп калтыруу