Тик учак чырынан да Атамбаевдин карааны көрүндү.

Кыргыз жергесинде кезектеги чатактын даты каарманы -Атамбаев болууда. Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев АКШдан жана Орусиядан жардам иретинде келген төрт тик учак Сомалиге ижарага берилип кеткенин айтып чыккан. “Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп аткан Сомалиге ижарага бермек болуп жатышат. Кыргызстанга бир тыйын акча түшпөйт, каражат Дубайдагы эсепке түшмөк болот. Мындан дүйнөлүк беделибизге доо кетти, согуш болуп аткан өлкөгө жардам берип жатабыз. Экинчиден, биз аны Орусиядан жардамга алганбыз, үчүнчү өлкөгө берүүгө акыбыз жок. Үчүнчүдөн, ошого кол койгон адам жооп бериши керек. бул кылмыш”- деди ал.

Көп өтпөй, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы: “Бир да тик учак өлкөнүн сыртына учкан эмес, бүтүн авиапарк дислокациялык аэродромдордо турат жана Кыргызстанды коргоону камсыз кылуу боюнча пландуу ишти аткарууда,”- деген билдирүү таркатты. Анткени менен, тик учактарды ижарага берүү боюнча документтер интернет талаасына жарыяланып кетип, андан Атамбаевдин колу турганын байкоого болот.

Бул маселе каралып жатканк кезде КР Коргоо министри болуп Абибилла Кудайбердиев иштеген. Экс-министр Алмазбек Атамбаев тик учактарды чет өлкөгө жөнөтүү сунушун өкмөткө тапшырганын жашырган жок: “Башкы штабдын өкүлдөрү өз алдынча иш-чара уюштуруп, 2014-жылы 3-декабрында келишимге кол коюлган. Ага Коргоо министрлигнне караштуу “Кыргыз курал” ишканасынын жетекчиси кол койгон. Ат кол койгонго эч кандай акысы жок Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге кол коюш үчүн өкмөт уруксат бериши керек болчу. Андай болгон эмес. Ал өз алдынча алдын-ала эле келишимге мыйзам бузуу менен кол койгон. Келишим менен таанышып, ал мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн билгенден кийин өкмөткө, УКМКга, Башкы прокуратурага кат жаздым. Анын негизинде Башкы прокуратура Аскер прокуратурасына тапшырма берип, алар баарын текшерип, жыйынтык чыгарган албетте. “келишим мыйзам бузуу мечен түзүлгөн” деп, аны токтотуу жөнүндө чечим чыккан. Ошентип тик учактар кетпей калган”. Мындан көп өтпөй, Кудайбердиевднн өзүн кызматтан алып салышкан.

Абибилла Кудайбердиев айтып откондей. тик учактар эки жылга берилип, ал үчүн жалпысынан 30 млн. доллар пара акысы келишим боюнча “Skу Tech Trading Services FZE” компаниясынын дубайдагы банк эсебигне түшмөк. бул чатакка камактагы экс-премьер-министр Сапар Исаковдун дагы аралашканы көрүнүп турат. Президенттик аппараттын башчысынын орун басары катары анын жазган катынын көчүрмөсү да интернетке жарыяланды.

КСДП партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева тик учак боюнча чатак фактыларды абийирсиз бурмалоонун кесепети экенин билдирди. “Вертолеттор менен Сомали жөнүндөгү жаңжал фактыларды абийирсиз бурмалоодон жана атайын жашыруудан келип чыккан. Манызында бул “өтө чеберлик” менен жасалчу алдамчылык. Биринчиден, бул Башкы штабдын демилгеси болгон. Экинчиден, ал ошол бойдон ишке ашкан эмес. Вертолеттор Кыргызстанда калган. Мында башкы максат мамлекеттик каражаттарды ири өлчөмдө уурдаганы үчүн кызматынан алынган мурдагы коргоо министрине (Кудайбердиев А.А.) шилтеме жасоо менен кайра эле экс-президенттин беделине коо жабуу экендиги түшүнүктүү.

Адегенде Башкы штабдын ошо кездеги начальниги генерал А.Т. Алымкожоев эмненин негизинде мындай демилге көтөргөнүн такташ керек эле. Мындай сунуш эмнеден улам келип чыккан? Анткени мамлекет башчысы чечим кабыл алып жатканда дайыма тийиштүү органдардын берген негиздемелерине жана сунуштарына таянат эмеспи.

Мындан тышкары, таркатылып жаткан маалыматтарда келишимдин ишке ашпай калгандыгы жана жыйынтыгында вертолеттордун Кыргызстандан чыкпаганы туурасында үстүртөн гана айтылган.

Тилекке каршы, биз экс-президентти жана анын айланасындагы адамдарды жаманатты кылууну атайын максат кылган кампания менен биринчи жолу кездешип жаткан жерибиз жок, жана жогорудагы макалалар – экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атына коо жабуунун гана аракети экенин расмий түрдө билдиребиз”,- деди К.Жолдубаева.

Тик у чактарга байланыштуу чатак боюнча маальшаттар азырынча тийешелүү органдар тарабынан жөн гана иликтөөгө алынды. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, акыр-аягы мунун баары кылмыш ишинин козголушу менен аяктаары турган иш. Ой тобоо, мурунку бийликте тургандарда абийирдин “а” тамгасы да калган эмеспи? Дагы каерден алардын кыңыр иши чыгат болду экен?

А.Белеков

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу