ТИЗМЕ: Сапар Исаков жалпы Кыргызстандын өкмөт башчысыбы же Нарындынбы?

Сапар Исаков өкмөт башчылыгына келгени өкмөттүн аппаратындагы жетекчилик кызматтарда нарындыктардын саны кескин көбөйүп кеткени айтылууда. Албетте, биз Сапар мырзаны “жердешчил экенсиң” деп айткыбыз келбейт, бирок, факты деген аны танууга жол бербей атканын айтып койгонубуз эп.

Бир четинен санай берели.

КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы Уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп жакында эле кичи мекени Нарын облусу болгон Алмазбек Мусабеков дайындалды. Ага чейин бул кызматты түбү Ош облусунан болгон Эмил Бузурманкулов жетектеп келген.

Укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчылыгын мурда Баткен облусунда туулуп-өскөн Максатбек Есеналиев жетектеп келген болсо, Сапар Жумакадыровичтин буйругу менен бул кызматка да нарындык Жеңишгүл Абдыкадырова дайындалган.

Финансы жана кредит саясаты бөлүмүн мурда Бишкек шаарында туулуп-өскөн Азиз Аалиев жетектеп келсе, жакындан бери Нарын облусунда туулуп-өскөн Гүлнур Керимкулова башкарып келет.

Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө да Исаковдун буйругу менен нарындык Гүлмира Абдралиева дайындалган. Ага чейин бул кызматты Ош облусунда туулуп-өскөн Бакыт Бердалиев аркалап келгени маалым.

Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө да Нарын облусунда жарык дүйнөгө келген Алмазбек Бейшеналиев дайындалган. Ага чейин бул кызматты Чүй облусунда туулуп-өскөн Алиса Солтонбекова аркалаган.

Коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчылыгына Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалган. Ал дагы Нарын облусунан.

Булардан тышкары КР өкмөтүнүн аппаратында бөлүм башчылык кызматтарда мурдатан иштеп келишкен дагы эки нарындык жетекчи бар. Алар Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Далбаев жана Регламент, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы Адыл Естебесов.

Ошондо Сапар Исаков премьер-министрлик кызматка келгенден бери КР өкмөтүнүн аппаратында жетекчилик кызматтарга дагы алты кадр дайындалган. Ага чейинки иштеп келишкен дагы эки нарындык жетекчини кошуп эсептегенде, бүгүнкү күндөөкмөт аппаратында 8 нарындык жетекчи бар.

Эми өлкөбүздүн башка региондорунан жетекчилик кызматтардагы кадрларды санай кетели.

Ысык-Көл облусунан бир гана Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Самат Кулманбетова эмгектенет. Жалал-Абад облусунан да бир гана жетекчи – Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков. Ал дагы мурдатан келаткан Сапар Исаковдун көздөй кадрларынын бири болуп саналат.

Чүй облусунан эки жетекчи – Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бекжан Супаналиев жана Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков.

Бишкек шаарынан үч жетекчи –Мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Шадыбеков, Өнөр жай отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Адилет Акматалиев, Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев.

Ошондо көрүнүп тургандай Талас, Ош, Баткен облустарынан бирден дагы жетекчи жок.

Ал эми бир эле Нарын облусунан 8 жетекчи аппаратта отурат. Биз нарындык бөлүм башчынын орунбасарлары, сектор башчылары тууралуу кеп кылган жокпуз, аларды санай берсек кагаз бети түт келбес.

Кыскасы, өкмөт башчысы Сапар Исаков аймактык баланстык сактоо керек экенин билбейби? Же кызматта турганда жердештерине “ак кызмат өтөп калайын” деп атабы?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу