«Тизмегейт»: КСДПнын кеңешчиси «Азаттыкка» калп айтканын моюнуна алды

КСДП партиясынын саясий технологу аталып келген Алексей Василивецкий «Азаттык» радиосуна калп айтканын моюнуна алды.

Ал социалдык түйүндөр аркылуу кыргызстандыктарга жолдогон видео кайрылуусун таратып, «Азаттыктын» кабарчысынын «Жээнбековдун штабында иштедиңиз беле?» деген суроосуна «Жок, иштеген эмесмин» деп туура эмес жооп бергенин айтты.

Василивецкий орус жараны экенин, былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго кеңеш берип иштегенин, бул үчүн акы алганы чын экенин, соңку кезде аңдуулар жана кооптуу билдирүүлөр болуп жатканы үчүн Кыргызстанда сегиз жыл иштегенден кийин кетип жатканын айтты:​

— Мага карата негизсиз айыптоолор айтыла баштады, тааныштарым аркылуу “маңзат салып коюшат экен” деп айттырып жатышат. Кыргызстандан кетип, бул жактагы саясий кырдаалды сырттан байкап турууну чечтим, — дейт Василивецкий.

Алгач бул адам тууралуу былтыр КСДПнын жаштар канатын башкарып, кийин АКШга кетип калган Ренат Самудинов айтып чыккан. Партиянын саясатына нааразылыгын билдирген жаш саясатчы ал башка өлкөнүн жараны болуп туруп Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатканын, КСДП андан арылышы керектигин айткан.

Василивецкийдин аты жакында укук коргоочу Нурбек Токтакунов «Жээнбековдун борбордук штабы шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесинде бир нече жолу жазылган.

Бул тизме жарыялангандан кийин андагы сумма Боршайкомго берилген расмий суммага дал келбегендиктен Жээнбековго карата импичмент маселеси көтөрүлүшү мүмкүндүгү айтылган.

Бирок Токтакунов жарыялаган кагаздарда эч кандай мөөр же анын ырастыгын күбөлөндүргөн эч бир адамдын колу жок экенин, аны далилдөө кыйынга турарын айткан пикирлер басымдуулук кылууда.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Василивецкий партияда кеңешчи болуп иштегенин «Азаттыкка» ырастады.

Василивецкий өзү видеокайрылуусунда айткандай, ал 2010-жылдан тарта КСДПга кеңеш берип иштеп келген. 2011-2017-жылдары Кыргызстанды КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев башкарды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу