Теңизбек качан эсин жыят?

Салык кызматынын башына Теңизбек Абжапаров келгени иш такыр тескери кетти. Жакында оңолот деп үмүт арткан сайын ай сайын оңколоп кургуйга кулап баратат. Быйылкы жылдын алгачкы кварталында салыктын көлөмү акыркы 6 жылга салыштырмалуу 1,1 млрд. сомго аз жыйналган.

Кемтикти толтуруш үчүн салыкчылар ишкерлерди кысып, 4-5 айдын салыгын алдын — ала чогултуп жатканы кеп болууда. Мажүрөө Теңизбек мырза болсо иштин көзүн билбегендиктен салык тармагы сазга батып калды. Абылгазиев болсо чара көрмөк тургай, канатына калкалап убара. Ушундай издешпей табышкандардын кесепетинен эл, мамлекет жабыркап жатат.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу