Тери жаркырап турсун…

Көпчүлүк үчүн мүмкүн эместей көрүнөт. Анткени теридеги пигмент тактар анын жаркырап туруусуна жол бербейт. Эгер сиз да ушундай ойлоп жатсаңыз, бул оюңуздун ката экенине көз жеткиресиз. Ал үчүн сизге болгону үч гана нерсе керек.

Төмөндөгү жөнөкөй масканы жасап, теридеги пигменттик тактардан кутулуп, териңиздин түсүн жакшыртып, жаркырата аласыз.

Масканы жасаш үчүн:

1 аш кашык бал;

1 аш кашык кошулмасы жок йогурт;

1 чай кашык лимон ширеси керек.

Буларды бирдей массага айланганча абдан аралаштыруу керек.

Даяр болгон аралашманы пигменттик тактар бар жерге (бет, кол) сүйкөңүз.

15 мүнөттөн кийин пайда болгон пленканы алып таштаңыз.

Пленканы алгандан кийин ал жер бир аз кызарып тургандыктан бул масканы уктар алдында жасаган жакшы.

Убакыт өткөндөн кийин теридеги кара тактардан арыласыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу