Териден музыкалык аспап чыгарылды

Корольдук өнөр колледжинин бүтүрүүчүсү Мари Трико адам терисинен чыккан музыкадан обон жазуучу жаңы аспап ойлоп тапты. “Тouchе” деп аталган курал 8 колонкадан турат жана аны башкарууга арналган диджейлик пульт бар. Пультту пайдалануу аркылуу колонкалардан чыккан термелүү күчү жана жыштыгын арттырууга болот.

 

«Touchе музыкалык аспабы көпчүлүк айтып жаткандай добушту транформациялоого гана арналган эмес. Ал эң биринчиден тери менен байланышта болгон кезде анын сезимталдыгын изилдеп жана сапаттуу музыка сүйүүчүлөргө жана чыныгы музыканттарга арналган аспап», — дейт идеянын автору.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу