Чаткалдын Терек-Сай айылында “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деп айыпталып камакка алынган 13 тургун 17-декабрда Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу облустук соттон “Азаттыкка” билдиришти.
Терек-Сайдын 15 жашоочусу “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен 2-декабрда камалган. Алар өткөн айда Терек-Сайдагы алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган.
4-декабрда Жалал-Абад облустук соту алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.
Нааразылыктардан улам 5-декабрда алтын кен иштеткен «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасы Чаткал районундагы ишин убактылуу токтоткон.
Кармалгандардын жактоочуларынын облустук сотко даттануусунун негизинде 17-декабрда кечинде облустук сот он үч тургундун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Калгандары боюнча соттук кароо баштала элек.
Ички иштер министрлиги Чаткалдын Терек-Сай айылынын камактагы тургундарын үй камагына чыгаруу үчүн сотко кепилдик берерин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 17-декабрда Жалал-Абадда алардын жакындары менен жолугушкандан кийин билдирген.