Тентек кылган баланы кандай тарбиялоо керек?

Бала тарбиясы – ата-эне үчүн жооптуу дагы маанилүү маселе. Баланы өзгөчө, ак менен караны, жакшы менен жаманды, болот менен болбойтту айырмалай албаган жашында тарбиялоо өтө кыйын. Тентектик жасаган кездери өтө көп болот. Бала тарбиясы менен көбүнчө аялдар алектенгендиктен кээ бир аялдар «балам ачуума тийген кездерде аны урушуп, кээде уруп да аламын» деп жатат. Бул туралуу динибиз эмне дейт? Балага урушу же уруу туурабы?

Бала кайсы гана жашта болбосун оор сөздөрдү айтып, кемсинтип, урушууга болбойт, ал эми уруп-согууга таптакыр болбойт.

Ачууңузга тийип, тентектик жасаган убактарда сабырдуу болууга тырышыңыз. «Бул эмне кылганын? Акылсыз бала» жана башка ушул сыяктуу оор сөздөрдү айткандан эч нерсе өзгөрбөйт, кайра баланын психологиясына терс таасир берет.

Андан көрө «менин балам (кызым) мындан ары мындай жаман иш кылбайт, себеби ал акылдуу, ээ?» десеңиз, бала бул сөздөрүңүздү тез угат. Урушканда да «акылдуум, мунун туура эмес», «менин алтын балам эмнеге мындай жасады экен?» деген сыяктуу сөздөрдү айтыңыз.Бул өздөрдү уккан бала күнөөсүн сезип, экинчи ал ишти жасабайт. Ал эми ар дайым уруш угуп, сезген бала тентектик жасоого адат алып кетет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу