ТЕМИР САРИЕВ: “13-МАЙДА ТЕКЕБАЕВ БАРДЫК ЖЫЙЫНДАРГА КАТЫШКАН”

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда күбө катары келген Темир Сариев 2010-жылдын 13-майы тууралуу айтып берди. Ал бул күн өтө оор болгонун, себеби түштүктө ызы-чуу башталып, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жыйынга чогулганын билдирди.

“Текебаев бардык жыйындарга катышкан. Биринчиси эрте менен болгон, экинчиси түштө болду. Жыйындар Роза Отунбаеванын кабинетинде болгон. Убактылуу өкмөт 14 кишиден турган коллегиалдуу орган болгон, 4 орун басары болгон, ар бир орун басары ар тармакка жооп берген”,-деди ал.

Ошондой эле Сариев Алмазбек Атамбаев биринчи орун басар болгонун,  ал реалдуу экономиканы жана коопсуздукту караганын билдирди.

“Мен финансы блогун, экономика тармакты тейлегем. Текебаев болсо Юстиция министрлигин тейлечү, Бекназаров болсо Башкы прокуратураны жана сот системасын карачу.  Убактылуу өкмөттүн чечими 2 жыйын менен кабыл алынчу. Анда мыйзамдар, маселелер бир эле адамдын колу менен кабыл алынбайт, декрет менен кабыл алынат, ага бир нече киши кол коет”,-деди ал.

Аны менен катар эле Сариев 2010-жылы 13-май күндөрү мамлекеттин коопсуздугу үчүн уктабай чуркап жүргөндөрдүн бири – Дүйшөн Чотонов болгонун кабарлады.

Эске сала кетсек, буга чейин күбөлөр Алексей Модин жана Леонид Маевский 2010-жылдын 13-майында Өмүрбек Текебаев менен жолугушканын билдиришкен болчу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу