ТЕМИР САРИЕВ БАБАНОВДУ “БАКЫРБАСЫН” ДЕЙТ

Бүгүн 14-апрель күнү “Республика – Ата-Журт” фракциясы, Каракол шаарында өткөн көчмө жыйында,  Ысык-Көл облусундагы социалдык-экономикалык маселелерди талкуулап жатып, Өмүрбек Бабанов Балыкчы-Корумду унаа жолунун азыркы абалга кептелишине айыптуу мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартуу керектигин айткан. Ал «Эгерде каражат жок болсо, Каржы министрлиги акча бөлүп бербесе анда тендер кантип өткөрүлдү?» деген суроону кабыргасынан койгон.

Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери, «бул маселе парламенттин жалпы жыйынында талкууланышы зарылдыгын айтып,  жолдун курулушу боюнча тендерди өткөргөн адамдар жоопко тартылып, премьер-министр гана эмес, башка аткаминерлер да жооп берсин” деген.

Бабановду Сариевдин жообу көпкө күтүргөн жок. Экс премьер-министр Темир Сариев,  “Бабановдун бул пикири коомчулуктун көңүлүн, үй-бүлөсү алган насыядан башка нука бурууга аракет жасоо”,-  деп эсептейт.

Сариев, Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоо чечими туура кабыл алынгандыгын ар дайым айтып келгендигин жана бул чечим туура кабыл алынганы боюнча  Ысык-Көл жана башка облустарынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда айтылып жатканын кошумчалайт. Ошондой эле ал  башкалардай өзүнүн жеке долбоору үчүн насыя алууга аракеттенбестен татыктуу иштегендигин айтат.

“Бабановго ММКлардын жана калк арасында анын үй-бүлөсүнүн Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан 17 миллион долларлык жеңилдетилген насыя алгандыгы жөнүндө жаңжал жакпай жатат өңдүү.

Мен ар дайым Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоо чечими туура кабыл алынгандыгын айтып келем. Бул жөнүндө Ысык-Көл жана башка облустарынын жашоочулары менен жолугушканымда айтып келишет.

Анын пайдасы баарына белгилүү. Жолго каражат жок болгон дегендер өкмөттүн керектүү долбоорлорго акча табышы керектигин түшүнө беришпейт. Биз өзүбүздүн жеке долбоорубузга насыя алууга аракеттенбестен татыктуу иштедик”, – дейт Сариев.

Ошондой эле «Ак Шумкар» партиясынын лидери, премьер-министр болуп турганда өзүнө чейинки жетекчилер жөнүндө жаман айтууга жол бербей, тескерисинче алардын ишиндеги артыкчылыктарды көрүүгө аракет кыларын алардын катарында Бабанов дагы бар экенин айтат.

Эске салсак, Ысык-Көл боюндагы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушу 2015-жылы, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тушунда башталган. Анын курулушу чыр менен коштолуп, тендерде финансы булактары каралбай калганы айтылган. Азыр курулуш токтоп турат. Каттамдын жалпы узундугу 104 чакырым.

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу