ТЕМИР ЖУМАКАДЫРОВДУН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ИШ СОТКО ӨТТҮ

Мурдагы вице-премьер министр Темир Жумакадыров каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши  сотко өттү. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Өткөн жылдын октябрь айында Бишкек-Чалдовар жолунда Панфилов районунун 27 жаштагы тургуну башкарып келе жаткан оор жүк ташуучу КАМАЗ унаасы менен вице-премьер министр түшкөн «Тойота Ленд Крузер Прадо» кагылышып, натыйжада Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Төлөнбек уулу каза табышкан. Мурдараак ИИМдин маалымат-кызматы жол кырсыгына байланыштуу экспертизанын жыйынтыгы акырына чыкса эле кылмыш иши сотко өтөөрүн маалымдаган эле.

Аталган жол кырсыгына байланыштуу Кылмыш Кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүгү   (жол эрежесин жана транспорт каражатын эксплуатациялоонун эрежесин бузуу менен бир нече адамдын өлүмүнө себепкер болуу) менен кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынган.

Ал эми Темир Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева буга чейин коомчулукка кайрылып, Жумакадыров бараткан унаа менен кагышкан  жүк ташуучу унаанын айдоочусуна козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, жакында сотко өтөрүн кабарлаган. Бирок мыйзамдарга ылайык, аталган кырсыкка күнөөлүү деп табылса, жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылып, үч жылга чейин автоунаа айдоого тыюу салынарын белгилеген. Буга байланыштуу жол кырсыгына күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүп, аларга абактан чыккандан кийин да өмүр бою автоунаа айдоого тыюу салуу керектигин айтып, мыйзамды өзгөртүүгө чакырган эле.

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу