Темир жолдогу «темир жегичтер»

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан жалпысынан 432 миллион сомго 150 даана универсалдуу темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта аталган мекеменин кээ бир кызматкерлери мыйзамды бузуп бюджеттик каражат үнөмдөлбөй колдонулганы белгиленген. «Темир жол товарларын өндүрүүчү алдыңкы заводдор жарым вагондорду 35 миң доллардан жеткирүүнү сунуштаган. Бирок тендерди комиссия аны четке кагып койгон. Ал эми жарым вагондорду 41 миң долларга сунуштаган чыгашалуу ортомчу компания жеңүүчү деп табылган. Ошондой эле комиссия техникалык өзгөчөлүктөр талабын караган эмес. Тагыраагы, 12-132 үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 88 метр куб болгон жарым вагондун ордуна 12-9796 үлгүсүндөгү 78 метр кубдук жарым вагон сатылып алынган. Натыйжада мамлекетке 69 миллион сомдон ашык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта. Факты боюнча КылмыТемиш жаза кодексинин 234-беренеси («Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бир тендерден мамлекетке 69 миллион зыян келтирген темир жегичтерди тезинен ишин тергеп темир тор артынан олтургузуш керек.

БУЛАК: Факты.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу