Темирлан Сманбеков, актёр: «Менин эч кандай кесиптешим менен “кызматтык романым” жок…»

Актёр, алып баруучу, тамада, жетекчи, педагог…дегеле көп кырдуу талант ээси Темирлан Сманбековдун актёрлук кесипти аркалап келе жатканына 40 жыл болсо, жетекчилик кызматта келе жатканына 15 жыл толуптур. Бул кесипкөй инсандын чыгармачылыктагы басып өткөн жолуна кызыктык.   

— Темирлан агай, Нарында жашап иштөө ыңгайсыздык жараткан жокпу?

— Өзүңүздөр билгендей, мындан мурда Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында жакшынакай эле иштеп жаткам. Ошондо эле «ордуна башка адам келет» деген күбүр-шыбыр кептерди кулагым чалып калчу. Мени кызматтан алуу алардын башкы максаты болгондуктан, эптеп бир нерселерди ойлоп чыгарышып көздөгөн максатына жетишти окшойт. «Байке, арыз жазыңыз» — деп бир бала келиптир. Мен аны кыйнап, көп сөз кылбай эле арызын жазып бердим. Анан эле тартуу иштери менен Нарында жүрүп келсем, ошол кездеги министр Түгөлбай Казаков чакырып бул кызматты сунуштап калды. Маданиятты өнүктүрүү  үчүн сөзсүз түрдө борбордо отуруунун зарылчылыгы жок. Кайсыл жерде чыгармачылык өсүп-өнүгүп турса, ошол жер борбору болот. Анын үстүнө аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Дал ушул себептерден улам ойлонбостон макул болдум. Ошентип былтыркы жылдын октябрь айынан тарта Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык-драма театрын жетектеп келем. Негизи эле кайда оңолуу иштери керек болгон театр болсо, мени жиберишет. Эми гана оңдоо иштери бүткөндө кайра башка жакка которушат. Өткөндө  министрликте «Эми циркти оңдоо керек, Сманбековду алып барабыз»- деген сөз болуптур.

— Анан бир жылдын ичинде Нарын театрынын кайсы жерлерин оңдоого жетиштиңиз?

— Барганда эле театрдын ички жана тышкы жасалгасын оңдодум. Султан Раев барганда: «Республикабыздагы алдыңкы театр болуп калыптыр» деген баа берди. Көрүнүшү жаркырап эле элди таң калтырып жатат. Көп жылдан бери театр спектаклдери менен эч жакка чыкпай калыптыр. Чу дегенде эле Астана шаарына «Маң» аталышындагы спектакль менен барып, 19 өлкөнүн арасынан үчилтикке кирдик. Муратбек Рыскуловдун 110, Сабира Кумушалиеванын 100 жылдыгына карата уюштурулган республикалык масштабдагы фестивалда 22 театрды артка таштап баш байгени алдык.  Болбосо буга чейин баш байге алмак түгүл катышпай калган да. Көчмөндөр оюнуна сөйкө  салуу салты менен катышып, элдин ыраазычылык менен мактоосуна арзыдык. Эми улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай коюлуп жаткан бүткүл дүйнөлүк «Айтматов жана театр» фестивалын ачып берүү үчүн барабыз. Андан кийинки сапар Орусия, Башкортостан өлкөлөрүнө болот.

— Көп жылдардан жетекчилик кызматта отурган адамдын башкаруу ыкмасы кандай болду экен?

— Ар кайсы театрларда жетекчи болуп иштеп келе жатканыма 15 жылдай убакыт болуптур. Акыркы эле мисалды айтсам, Нарын театрына барып жамааттын ынтымагы кетип, жакшы атмосфера орнобой калганына, ушак кеп айтыларына күбө болдум. Бирок бул нерсени токтотуу үчүн башкаруу керек эмес болчу. Ошондуктан биринчи кезекте шарт түзүүдөн баштадым. Ошондо  гана топ чыгармачылык менен алек болуп, башка нерсеге убактысы жок болуп калат. Анан да кызматкерлердин кийген кийимине, өзүн алып жүрүүсүнө көңүл бурам. Кээ бирлер жумушка трико, көлөч кийип келип алышчу. Муну жойдум. Эгерде ичимдик ичип келсе, дароо жумуштан алам. Кызматкерлердин арасында «любимчигим» болбойт, баарына бирдей мамиле кылам. Канча жылдан бери бул кызматта жүрүп, артымдан бир да жаман сөз ээрчий элек. Тескерисинче, кайра келүүмдү суранышат. Кайсы жакка барбайын кучак жайып тосуп алышат. Менин принцибим — кетериңди эмес, келериңди ойло.

— Сиз эмнегедир тасмага караганда театрда  роль жаратат экенсиз.

— Ушул күнгө дейре тасма, театр, эпизодду кошкондо жүздөн ашуун роль жаратыптырмын. Анын ичинде кинодо жараткан ролум чынында аз. Мунун себеби, өлкө бир системадан башкасына өтүп, каражат тартыш болуп, кино индустриясы токтоп калган кез мен  курактуулардын жаштык кезине туура келип калган. Сүлкүлдөгөн жаштык кезимди киного тартылбай өткөрүп жибергеним албетте, өкүнүчтүү.

— Образды жаратуу үчүн ден соолукка залака келген же тобокелдикке барган учурлар болду беле?

— Сахнада ойноп жатып колуңду чаап алган, кулап кеткен, тебеленип калган учурлар көп эле болот. Бир жолу бийик жасалгаланган аскага чыгып, анын үстүнөн найза менен чабышуу керек болду. Чыкканын чыгып алып, чабышып жатып учуп кеткем. Сахна караңгы болгондуктан, жерде жаткан мени көрбөй массовка тебелеп өтүп кеткен. Бир топко чейин көгала болуп, буттарым сыйрылып жүргөм. Аттан үч метр ыргып кеткенимчи. Негизи эле актёрлор Кудай сактасын деп эле иштей беребиз.

— Тасмада акыркы жараткан образыңыз таасирдүү чыгыптыр.

— Ооба, “Дарак ырындагы” образым өзүмө да жакты. Чыгармачылыгыма 40 жыл болсо да тарыхий тасмада баш каарманды аткарган алгачкы ролум ушул Базарбай болду окшойт. Режиссёр Базарбайды ойноочу актёрду төрт ай издептир. Жардамчы кыз мени сунуштаса: «Анын бет түзүлүшү европалыктардай»- деп жактырбай койгон экен. Тиги кыз улам айта бергенинен көнүлүн калтырбайын деп эле мени чакырып коюптур. Берген текстин түнү менен уктабай жаттап барып аткарып берип койдум. «Өтсөм айтмак да» деген ой менен эле кетип калгам, көрсө, директорго байланышып каарман тапканын сүйүнчүлөп жатыптыр.

— Алып баруучулук, тамадалык да кылып жүрөсүз?

— Төрт президенттин инаугурациясын алып бардым. Режиссёрлор: «Дикция, үнүңүз жакшы» — деп өздөрү суранышат. Ал эми тамадалыкты токтотконума беш жыл болду. Кирешелүү кесип болгону менен элди күлдүрүп, ары- бери чуркап алып барганга жаш курагым өтүп калды. Бирок олуттуу 80,90 жылдык юбилейлерди алып барууга сунуштар түшүп турат. Убагында тамадалыктын үзүрүн жакшы эле көрдүм.

— Нарынга үй-бүлөңүздү да алып кеттиңиз беле?

— Жок. Себеби Нарындан мага атайын үй бөлүп беришкен эмес. Кесиптешим Жалил Мидинов экөөбүз эки бөлмөлүү батирде жашайбыз. Эс алуу күндөрү үйгө келип турам. Иштин көптүгүнөн кээде бир ай барбай калган учурлар болот. Өзүм тамак жасап, киримди жууганга мастер болуп калгам.

 — Жубайыңыз кызганбайбы? Сиздин жаш кесиптештериңиз менен болгон “кызматтык романдарыныз” тууралуу биз да угуп калабыз…

— Жубайым баарына түшүнүү менен мамиле кылат. Өзүм да 62 жашка чыгып токтолуп, нарк күтүп калбадымбы. Менин эч кандай кесиптешим менен “кызматтык романым” жок.  Эми бул жашоодо ар кандай адамдардын түрлөрү болот. Бири атайын буйрутма менен мени жаман атты кылууну көздөсө, экинчиси баласынын кимден экенин өзү билбей жабышат. Чалып алып “мен Бегимай, сиз Раймаалы болуңуз” -дегендер болгон. Мындайларды териштирген эмесмин, аман эле болсун деп коём.

— Жубайыңыз, балдарыңыз эмне менен алек?

— Жубайым Майрамкүл менин экинчи турмушум. Биринчи турмушумдан эки, Майрамкүлдөн бир эркек балам бар. Балдарымдын улуусу кыркка чыкса, кичүүсү студент. Жубайымдын чакан бизнеси бар, ошону менен алектенет. Мен Нарынга жетекчи болгондон бери үйгө бир тыйын алып бара элекмин. Ага деле нааразы эмес. Балдарымдын баары башка тармактагы кесиптерди тандап, чыгармачылыкка эч кимиси жакын эмес.

Айгерим Токтобай кызы

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу