Темирлан Ормуков: “Өсөмүн десе бир кыргыз, өлүп кете жаздайт миң кыргыз”

Жанагы Самара Каримова деген ырчы кыздын музыкалык окуу жайга жетекчилике дайындалышы туура эле болгон. Ал кыздын таланттуу экенине чыгармаларынан эле билинип турбайбы? Музыкалык окуу жайды жетектеп өзүндөй таланттардын түптөлүшүнө шарт түзсө андан улутубуз эле утушта болмок. Министр деген неме өзүнө ишенбеген эрки бош неме окшойт ээ? Кызматка дайындадынбы болду демек аны дароо кызматтан алуу өзүнүн кадырына доо кетириши мүмкүн…

Анткени Чынгыз хан айткандай “Корксоң баштаба, баштадыңбы коркпо” дегендей дайындадыңбы коркпо, корксон дайындабаш керек эле да. Бул жерде кандайдыр бир “интрига” бар экени байкалып турат. Ошол Самаранын душмандары, көрө албас досторунун чырагына май тамызып министр өз буйругун өзгортпөй эле койсо болмок. Балким ким билет министр бирдеме үмүт этип кекиртеги куурап күткөндүр?! А Самара болсо өз күчүнө тажрыйбасына ишенип министрдин үмүтүн актабай койгондур? Айтор кыскасы бул жерде Самара уттурган жок ошол окуу жай уттурду… Бизде ветврач юристин кызматын аткарып ал эми ырчы медиктерди даярдаган кызматтарда иштеген учурлар болгон эмеспи. Ага караганда талантуу ырчы кыз өзүндө таланттарды тарбиялап чыгаруучу мекемени жетектегени туура эле ишке жатмак. Кайдагы бир интригага аралашып министр да кызык неме экен…
Ак-караны ылгабай,
Кээде бар бизде сындамай.
Билбей туруп адамды,
Баштан аяк булгамай.

Кара өзгөлүк толгондур,
Калпыс иштер болгондур.
Кызматка берчү шапкесин,
Кайран кыз бербей койгондур.

Өсөмүн десе бир кыргыз,
Өлүп кете жаздайт миң кыргыз.
Өзүбүз турсак өстүрбөй,
Өстүрөт бизди ким Кыргыз!

Темирлан Ормуков, активист

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу