Темирлан Ормуков, азиз акын: “Мен Атамбаевдин акмакчылыгын жеке башымдан өткөрүп, Атамбаевге караганда Бакиев бир топ жогору турган ажо болгондугуна ишендим”

“Таразалап көргүлө алтындарым…”
Учурда Гуревич деген бир еврей аферист 8 жыл үндөбөй уктап жатып эми Бакиевдер жөнүндө баалуу маалыматым бар деп биздин бийликтер менен соодалашуу аракетин көрүп жаткан кези экен. Бир канча миллион долларды Бакиевдер чет өлкөгө чыгарып кеткен дейт да, бирок так сумманы айтпайт, 200-300 миллион доллар дейт. Менимче бул Гуревичтин маалыматы эч кандай баага ээ эмес, болгону бул еврей өз кызыкчылыгын көздөп гана маалымат таркатып жатат. Байкашымча негизинен калктын көпчүлүк катмары Курманбек Бакиевдин өзүнө дооматы жок көрүнөт, болгон доомат анын уулу Максимдин жоруктарына нааразы… Чынында эле Курманбек Бакиевдин жеке өзүнө кандай дооматтар бар деги? Ар кандай кысымдарды, рейдерлик иштерди Максим Бакиев кылганы белгилүү. Ал эми ак үйдүн астында 7-апрелде атылгандарды Жаныш Бакиев кылган деп сыртынан айыптап жүрүшөт. Ал эми Курманбек Бакиевдин жеке өзүнүн элге кылган кандай жамандыгын айта алабыз? Мен Атамбаевдин акмакчылыгын жеке башымдан өткөрүп түрмөсүнө да түшүп көрүп Атамбаевге караганда Бакиев бир топ жогору турган ажо болгондугуна ишендим. Азыр көпчүлүгүбүз эле калыстык, акыйкаттык деп оозанып кеп баштайбыз, бирок чындап калыс сөз айтчу жерден үндөбөй калабыз. Мисалы калыстык үчүн айтсак, жеке Курманбек Бакиевдин өзүнө эч ким деле түз далилдүү доомат айта албаса керек. Айтылган күнөө айыптардын баары анын баласы жана туугандары жөнүндө болот. Башкасын билбейм Курманбек Бакиевдин түздөн түз токтому менен азиздерге 225 батир бекер берилген, “Жал” кичи районунан врачтарга 40 батир бекер берилиптир. Курманбек Бакиевдин токтому менен азиз майыптар үчүн айына 1000 сом жөлөк пул пенсиядан тышкары төлөнүп берүү каралып, ушул күнгө чейин алып келебиз. Дал Бакиевдин учурунда пенсиялар 3 ирет көбөйүлгөн. Ошол жаман Бакиев келген жылдан баштап пенсионерлер, майыптар маршруткаларда 5 сом төлөөгө чечим чыгып, азыркыга чейин пайдаланып келебиз.
Кыскасы айтаарым, бирөөнү жаман жагын айткан соң анын жакшы жактарын да атай жүрсөк калыстык болот. Негизинен адам жалаң жакшы сапаттан турбайт, ар кимдин өзүнө жараша терс жагы да болот эмеспи… Албетте Максим Бакиевдин кылган иштерин мыйзамдуу же адамгерчиликтүү деп айтуудан алысмын, бирок ошол жаман зөөкүр Максим кезинде 150 млн долларга Кытай менен сүйлөшүп келген проектини Атамбайчылар 386 млн долларга бүтүрдүк деп көз көрүнө жеп жатса кимди жаман дейбиз?
Колдон келсе Максимди алып келип таш бараңга алуу керек, бирок алгач дыкат иликтеп Кыргыз элине, улутуна негизги зыянды ким көбүрөөк алып келди деген суроону коюп иликтөө абзел…
Түштөн чочугансып 8 жыл өткөндөн кийин паланча пулду чыгарып кетиптир деп кайдагы бир еврей иттин сөзүнө ишенип дүрбөп коюшат. Андай эле сак, так экен кезинде Атамбаев 3 тонна алтынды Түркияга чыгарып кеткен, Кум-Төрдөн күндөп-түндөп Кыргыздын ырыскысы тышка ташылып жатат деп сагызгандай сайрап Садыр Жапаров колундагы далилдери менен түрмөдө отурат. Эмнеге ошол факт иликтенбейт? Тымызын байма-бай контрабандалык ыкма менен товар ташып жүргөн учак кулап мен мына, мен контрабандамын деп элдин төбөсүнө кулап берген факт ушул күнгө чейин ачылбай келет. Себеби эмнеде?
Азыркы Гуревичтин жомогу жөн гана көз боёмочулук жана саясий жүрүш… Ошондуктан Кыргыз бийликтери көрүнгөн еврейдин сөзүнө ишенип, иш кылбай ойлонушу зарыл… Алтындарым!

Темирлан Ормуков, акын

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу