Темирлан Бекботоев: «Мигранттарыбыз мекенибизде болуп жаткан окуяларга кайдыгер болбой, татыктуу президенти тандаганга укуктуу»

Бишкекте бүгүн, 17-апрелде «Мамлекет, саясат, жоопкерчилик» аталышындагы тегерек стол өтүүдө. Ага саясатчылар Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Зайнидин Курманов, Асия Сасыкбаева, Элмира Ибраимова, жана башка коомдук саясий ишмерлер катышып жатышат.

Жыйындын жүрүшүндө «Мекенчил жаш» уюмунун төрагасы Темирлан Бекботоев сөз сүйлөп, өз сунушун билдирди:

-Биздин “Мекенчил жаш” коомдук бирикмеси Москва шаарында убактылуу жашаган карапайым мигранттардан  түзүлгөн.  2010-жылкы парламенттик жана 2011-жылкы президенттик шайлоолордо Москвада  2 эле  жерге шайлоо урналарын орнотконуна байланыштуу, көп деген мекендештерибиз өздөрүнүн добуштарын бере албай, конституциялык укуктарынан ажыратылган.  Алар да биздин толук кандуу жарандарыбыз, Мекенибизде болуп жаткан окуяларга кайдыгер болбой, татыктуу президенти тандаганга укуктуу.  Москва жана Москва облусу боюнча болгону 1500-2000 миң гана добуш  берилген.  Ошондуктан, сиздерге сунушум, чет жерде жүргөн жарандарыбызга добуш берүү мүмкүнчүлүгүн  түзүп берүүңүздөрдү сунуштайм. Ушул сунушту эске алып, резолюцияга киргизип койсоңуздар. – деп билдирди.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу