Темирдин эмгеги бааланды

Бир жыл мурда кызматтык сапарга баратып, жол кырсыгына кабылып, дүйнө салган Темир Жумакадыровдун жылдыгы келатканы боюнча кабарды улам-улам чыгарганыбыздын акыбети кайтты десек болот. Анткени буга кайдыгер болбогон ажобуз Сооронбай Жээнбеков Темирдин ата-энесин, жубайын чакырып сыйлыгын тапшырып, жылуу кебин айтты. Ошону менен катар уюшулган фондго көмөгүн берерин да убадалады.

Кыргыз тарыхында мыкты, көсөм жетекчилер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сапарда жүргөн кезинде каза болушканы белгиленген. Маселен, өкмөт башчы Насирдин Исановдун тагдыры да жол кырсыгына кабылып талкаланган. Ал эми Султан Ибраимов болсо көлдөгү резиденцияда дем алууда жүргөндө киши колдуу болуп бул жарыкчылык менен коштошкон. Былтыр болсо шайлоонун кесепетинен келечегинен көптү үмүттөндүргөн Темир Жумакадыровдун өмүрү чарт үзүлдү.  Кантсе да тирүүчүлүктүн  зоболосу баарынан бийик экени жалпыга маалым. Ата-эненин, жарынын, балдарынын күйүтүн  эч ким басууга кудурети жетпейт. Ошол абдан өкүнүчтүү…

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу