Темикенин шайы ооду го

Темир Сариев Президенттик жарышка түшкөндө бул жигит эмнеге ишенип жатат дегендер арбын болгон. Анткени берки эки дөө-шаа болгон талапкерге саясий салмагы да, капчык көрөңгөсү да жетпей тургандыгын өзү деле билди да. Эми болсо ошол эки дөөнүн бирине кошулуш максатын ойлоп жатат окшойт. Ошондон улам бираз мурда, анын штаб жетекчиси Эльмира Ибраимова кетем деди эле. Эми чындап кетиптир. Кеткенин түшүндүргөн билдирүүдөгү бир сабына өзгөчө көңүл бурсак: “Мен утурумдук саясий кызыкчылык үчүн идеологиялык позициямды талкалай албайм”- деп ачык жазып жатпайбы. А бул эмнени билдирет? Демек, Темир мырзанын учурдагы кызыкчылыгы Эльмира айымдын позициясына дал келбей жатат. Темир  мырза үчүн дагы бир сокку,  штаб жетекчисинин эле ушундай кадамын күтүп турушканбы, анын тегерегиндеги бир кезде бийликте жүргөн  топ дагы кошо кетээрин билдиришиптир. Алар кимдер? Бир кездеги тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, Нарын жана Талас облустарын башкарган Бейшен Болотбеков, Нарын  облусунун мурдагы губернатору Шамшыбек Медетбеков жана башкалар Темикени калтырып баса беришиптир.  Тарапташтарынын мындай кадамын Сариев кандай кабыл алат? Темикенин мындан кийинки саясий тагдырына бул окуя терс таасирин тийгизбейби? Буга удаа эле билдирүү жасаган Темике, сыртынан сыр бербегени менен иш жүзүндө терең санаага батып жатса керек.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу