Бийликти бойлору узун, мисалы Б. Обама сыяктуу эки метрди чапчыгандар эле эмес, бойлору пас адамдар деле башкарып, далайлары жөн эле башкарып эмес, тарыхтын өчкүс тамгасы менен жазылып калган башкаруучулар болгон. Алардын ысымдары карт тарыхтын барактарында турат. Мисалы: Тамерлан (Аксак Темир) 1336-1405-жылдары жашап өткөн. Ал киши каардуу да, заардуу да болгон. Аксагына, боюнунун пасына карабай Алтын Ордону талкалап, борбору Самарканд деп эсептелген Орто Азия мамлекетин курган. Иран, Кавказ, Индия, Кичи Азияга чейин жортуул жасаган. Аксак Темир ар убак илим менен искусствону колдогону айтылат. Боюнун узундугу болгону 1 метр 45 сантиметр.
Андан кем калбаган Аристотелдин сүйүктүү окуучусу Александр Македонскийчи. Анын боюнунун узундугу 1, 50 метр болгон делет. А. Македонский далайлардын жүрөгүнүн үшүн алган, атка жеңил тайга чак балбан билек экенин билбеген киши деле жок болсо керек.
Француздардын Наполеону. Бул император да оңой башкаруучулардан болгон эмес. Анын чыгарган мыйзамдары андан бери эки кылымдан ашык убакыт өтсө да (1769-1821) алардын айрымдары азыркы күнгө чейин Францияда колдонуп келет. 1 метр 69 сантиметр болгон экен Бонопарттын бою.
Пролетариаттын жол башчысы В. И. Лениндин бою болсо 1 метр 64 сантиметр. Бул ишмер дүйнөгө өзүнчө бороз салды го. Не деген гана эмгектерди жасап кетпеди.
Ошол эле учурда коомчулукка терс көз караш менен аты калган Адольф Гитлердин бою 1, 65 сантиметр болгон. Анын накта каршылашы болгон И. В. Сталин деле теректей бойлуу болгон эмес.
Чабылып, чачылып кеткен Россияны бир нукка салган Петр 1дин жолун жолдогон В. Путин деле анчейин заңкайгандардан эмес. Боюнун узундугу болгону 1, 70 сантиметр.
Бизде деле теректей бой бербесе да, теменедей болгон ысымдарын Ала-Тоонун ар бир жараны билген башкаруучулар И. Раззаков, Т. Усубалиевдер деле узундардын катарына кирбеген. Бүгүнкү күндө Т. Сариев, Ч. Турсунбеков, жана башка ушул сыяктуу бир топ мырзалар саясаттын талаасында жүрүшөт, оңой фигуралар деп айтууга болбойт аларды. Жакында Сапар Исаков деген ысым да айтыла баштады, өзүнүн өзгөчөлүгү менен таанылып…
Нурдин АСАНОВ
Булак: “Айгай”