Телефондун «оригинал» экенин кантип билсе болот?

Сериялык номерди (15 сандан турат) сатуучудан сурасаңыз болот же болбосо аппараттын сырткы кутусунан окуй аласыз. Дагы бир жолу: телефондун клавиатурасынан *#06# стандарт комбинациясын терүү аркылуу экранга чыгарылган сандарды көрсөтүлгөн сайттагы формага жазасыз.

Эгер телефон түп нускадагы үлгү болсо («оригинал»), сайт сизге түзүм тууралуу жеткиликтүү түрдө аныктама берет. Качан, кайда, кайсы өлкөгө арналып чыгарылгандыгы жана андан башка да техникалык параметрлери менен кошо толук маалымат жазылат. Ал эми эгерде сайт буга катыштуу эч кандай маалымат бере албаса, анда телефон «оригинал» эмес. Бир эскерте кетчү жагдай, кызматтын бул түрү бардык үлгүдөгү телефондорго жарактуу.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу