Телефондун заряды тез бүтүп калып жатабы?

Адамдын маанайын бузган нерселердин катарына акыркы он жылда ажырагыс түзүмүбүз телефон да кошулду. Анын кубаты тез бүтүп калса ар бирибиздин маанайыбыз чөгөт. Мындай учур ар бирибиздин башыбыздан өтүп турат. Телефон кубатынын эмне үчүн тез бүтүп кала берерин аныктап көрсөк:

1. Сиз телефонуңузду ар дайым 100 пайызга жеткенче кубаттайсызбы? Бул чоң катачылык дейт адистер. Себеби телефондун батарейкасынын максималдуу кубаты 30 менен 80 пайыз аралыгында болот экен. Биз телефонду кайра-кайра кубаттай берсек анын батарейкасын бузулат деп ойлойбуз. Эксперттердин пикири боюнча, күнүнө бир нече жолу кубаттоо батарейканын узак убакыт кызмат кылуусунун кепилдиги боло алат экен.

2. Ар дайым телефон кубатын “кызыл» күйүп калганча жүрө берүү жакшы эмес. Телефонуңузду мынчалык кыйнабаңыз. Адистердин айтуусу боюнча, болгону эки айда бир жолу гана зарядын 0 пайызга чейин пайдалануу керек. Бул профилактика үчүн да кажет.

3. Бардык гаджет экстремал температураны жакшы көрбөйт. Телефонды өтө суук (нөлдөн төмөн) жана 35-тен жогору температурада колдонуу да анын батарейкасын тез иштен чыгарат.

4. Смартфонду алыстыктан туруп кубаттоо зыян. Ал батарейканы тез ысытып жиберет.

5. Кубатоо учурунда телефонуңузду жумшак заттардын үстүнө койбоңуз. Бул да смартфонуңузду тез ысытып, өрт коркунучун туудурат.

6. Барыбыздагы адат телефон кубаттоо түзүмүн сайган бойдон калытрып коюу, күйүп кеткенден кийин керек болсо арзанын сатып алып пайдалана беребиз. Арзан кубаттоочу каражат смартфонду узак убакыт кубаттайт. Натыйжасында телефон кызарат. Бул да телефондун «өлүп» калуусунун бир себеби экен.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу