Теледебаттарда талапкерлер кимдер менен “согушаары” аныкталды

Президенттикке талапкерлердин теледебаттары 3-октябрда башталат. Бул тууралуу
Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, КТРКнын эфиринде биринчилерден болуп, кечки саат 21.30 – 23.10гө чейин
Камчыбек Ташиев, Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев жана Адахан Мадумаров дебатка чыгышат.

4-октябрда саат 21.30-23.10 Сооронбай Жээнбеков, Токтайым Үметалиева, Арстанбек Абдылдаев
жана Өмүрбек Бабанов.

5-октябрда саат 21.00 – 23.35 Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек
Малиев жана Улукбек Кочкоров.

Дебаттын экинчи туру 11-октябрда өтөт. Анда Токтайым Үметалиева, Таалатбек Масадыков,
Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров, Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов.

12 – октябрда саат 21.00 -23.50 Сооронбай Жээнбеко,Азимбек Бекназаров, Адахан
Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Темир Сариев, Арсланбек Малиев, Бакыт Төрөбаев жана

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу