Текшерүүчүлөр чет өлкөгө чыгып тайраңдаганы аныкталды

Мамлекеттин бюджетиндеги чыгаша-кирешелерди Эсеп палатасы аныктайт. Дегенибиз, бул жерде чоң коррупциянын очогу турат. Эгер текшерүүчүлөрдүн алкымы бузулуп кетсе бүттү, далай суммалар жаап-жашырылып, көздөн далда кала берет. Өткөн аптанын этегинде ушул ишке байланыштуу бир иштин бети ачылды. 2017-жылы Эсеп палатасынын жооптуу кызматкерлери мыйзамдын негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин 2016-жылга карата чыгаша-кирешелеринин документациясына иликтөө жүргүзүп жүрүшүп, ал жерден Саламаттык сактоо министрлигинин каражаты менен чет элдик сапарга чыгып кетишкен. Инспекторлорго республикалык бюжеттен 459 миң 829 сом бөлүнүп, алар Италиянын Турин шаарына барып эс алышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү (“жооптуу кызматты аркалап жаткан кызмат адамынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу”) менен иш козголуп, тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу