ТЕКЕБАЕВ ЭР ЭКЕН!

Ден-соолугуна байланыштуу дарыланып,  кайра абакка киргизилген Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу боюнча буга чейин экс-президент Роза Отунбаева Президентке кайрылуу жолдоп, аны ЖКНын төрт фракциясынын лидерлери колдошкон эле. Ал өтүнүчтү Президент аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү  комиссия канааттандыруудан баш тартты. Анын себебин Текебаев өзү дагы кайрылып, ырайым суроосу керектигин айтышкан. Бирок, Текебаев өзүнүн ак экенине ишенээрин, ырайым суроонун зарылчылыгы жоктугун билдирип, кайрылуу катын жазуудан баш тарткан. Мындан улам Отунбаеванын жана төрт фракциянын лидерлеринин кайрылуусу, материалды каралоого негиз болбосун шарттап, Текебаевге ырайым берүү кароосуз калган. Коомчулукта Текебаев негизсиз камалып жаткандыгын билдирген талкуулар көп болуп, жакында эркиндикке чыгат дегендердин алды сүйүүчүлөр, ал турсун чыгаар күнүн да белгилеп жиберген жайы бар. Мунун негизин, жогорудагы экс-президент жанан фракция лидерлеринин колдоосунан улам ишеним жаралган деп айтсак болот. Тилекке  каршы, Текебаевдин өзүнүн каалоосу менен адилеттиктин анык үлгүсүн көрсөтүүдө, өзүнүн актыгын далилдөөдө, мыйзамды сактоодо, укуктук талаада күрөшүүдө чыныгы жолду тандоонун жолун көрсөтмөй болду. Чындап эле анын ак экенинин коомчулук, экстер, депутаттар ишенип, колдоого алып жатса, анда эмнеге ал Президенттин ырайымына муктаж болуш керек эле? ЭР экен.

Булак: «Факты.kg» гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу