ТЕКЕБАЕВ СЕГИЗБАЕВ МЕНЕН ҮСӨНОВДУН МҮЛКТӨРҮН КОНФИСКАЦИЯ КЫЛУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөновдун жана УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин мүлктөрүн камакка алууну талап кылууда. Бул тууралуу депутаттын актоочулар билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Биринчи Май райондук соту аталган адамдардын мүлктөрүн камакка алуудан баш тарткан болчу. Юристтер бул маселе боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан жана бүгүн чечим чыгышы керек.

Ата мекенчилер Үсөнов менен Сегизбаевдин мүлктөрү камакка алынышы керек деп санашат, себеби Өмүрбек Текебаев аларга карата арыз жазып, аталган партиянын мүчөлөрүн каралап, “Белизгейт” боюнча такталбаган маалымат тараткан деп 65 миллион сом өндүрүүнү талап кылган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу