Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши уланууда. Анда мамлекеттик айыптоочу Бекжан Маматбаев Текебаевдин мурдагы жан сакчысына: “Текебаев 2010-жылдын 13-майында “Супара” эс алуу жайына бардык деп айткан. Сиз ошол жерден көргөнсүзбү?”-деген суроо берди.
Буга нааразы болгон жактоочулар прокурорго Текебаев 13-майда “Супарага” барганы тууралуу эч жерде жазылбаганын айтышып, аны далилдеп берүү керектигин билдиришти.
Мамлекеттик айыптоочу 2-томунун 19-бетинде Текебаевдин айткан сөзү бар экенин айтты.
Чынара Жакупбекова Текебаевдин көрсөтмөсү 2-томдо жазылбаганын билдирди.
Ал эми Өмүрбек Текебаев болсо: «Эй, айбан, былжыраба. Сени соттош керек. Томду ачып оку. Окуп бере албасаң сени каматам”-деди.
Жактоочулар прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Сот өтүнүчтү канааттандырган жок.
Булак: Каганат