Текебаев ооруканадан качан чыгары белгисиз

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин ооруканадан качан чыгары азырынча белгисиз. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова «Азаттыкка» билдиргендей, дарыгерлер саясатчынын ден соолугуна көз салып, дарылоо иштерин улантууда. Кандай диагноз коюлганы тууралуу маалымат айтыла элек. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин жүрөгүндө жана белинде оорунун белгилери бар экенин айткан.

Камактагы эрежелерге ылайык, Текебаевге туугандары менен жолугушууга уруксат берилген жок. Ал сакчылардын кайтаруусунда дарыланууда.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу