Текебаев: Моралдык артыкчылык мен тарапта

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ушу тапта «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту башталууда. Алар экөө тең сот залына алынып келинди.

Текебаевдин коомдук жактоочусу Искен Афиджанов Фейсбук аркылуу сот залынан түз маалымат берип жатат. Анын «Абалыңыз кандай?» деген суроосуна Текебаев «Күрөшкө даяр, чечкиндүү, келишкис, моралдык жактан актык, артыкчылык сезимде» экенин айтып жооп берди жана эгер соттон утулуп кала турган болсо да «тарыхый күрөштү утканын» белгиледи.

Үч айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов «Мегаком» компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Текебаевдин тарапкерлери ага карата козголгон ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева быйыл 6-апрелде парламентте сүйлөп жатып көзөмөл органы саясатка аралашпай турганын билдирген. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шернияздын суроосуна жооп берип жатып ал прокуратура мыйзам чегинде иштээрин, кылмыш иш аныкталган маалыматтардын негизинде козголоорун, бул иште саясат жоктугун айткан.

Булак: Аргумент

Аргумент.kg
Жооп калтыруу