Текебаев: «Мен акмын, сынбайм, булардын иши бүттү!» — деди Фракция лидерлери менен жолугушууда

Кече күнү парламенттик фракция лидерлери Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаев, Алманбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулаймановдор УКМК абагында олтурган Өмүрбек Текебаевдин акыбалын сурашканы барышыптыр.

Бир топ сөздөрдү сүйлөшүп, жай сурашкандан кийин ӨмYке депутаттарды карап тамаша аралаштыра: «Тигил Иса Өмүркулов менен Бабанов кайда жүрүшөт? Ошлор келип, бул жакты көрүп кетишсе болмок, кийин өзүлөрүнө эле пайда болмок эле да…» деп койот дейт күлүп. Баргандар ӨмYкенин духуна, анын кайратынан, тамашалуу кептерине таң беришип, кайтышыптыр. Айтмакчы жолугушууда Өмүрбек Текебаев: Мен акмын, сынбайм, булардын иши бүттү!- дептир.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу