Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары: «Башка кадамдарга барабыз деп акцияны токтоттук»

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-август күнү SUPER.KG`ге «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Нуразиз Шайырбек уулу билдирди.

«Ачкачылык кармап жаткан 7 адам кечээ күнү кечинде ачкачылык акциясын токтотушту. Анткени алардын Өмүрбек Текебаевге карата саясий куугунтук токтотулсун, президенттик жарышка катышуу үчүн тил сынагына кирүүгө мүмкүнчүлүк берилсин деген талабына бийлик тарабынан эч кандай реакция болгон жок. Мына ошондуктан алар башка кадамдарга барабыз деп акцияны токтотушту», — дейт Нуразиз Шайырбек уулу.

Эскерте кетсек, 31-июлда абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары ачкачылык жарыялашып, бул кадам менен саясий куугунтукка Кыргыздын жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу үчүн барып жатканын айтышкан.

Булак: SUPER.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу