Текебаев менен Чотоновдун соту ачык өтөт

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнул Чотонов боюнча кылмыш иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралмай болду. Алгачкы соттук отурум 5-июнга белгиленип, анын ачык өтөрү тууралуу ишти карай турган судья Эрнис уулу Айбектин кабылдамасынан кабарлашты.

Мурдараак «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов тергөөнүн жүрүшүнө караганда сот жабык өтүшү ыктымал деген пикирин айткан. Бирок Чотоновдун адвокаты Бакыт Жумашев буга мыйзамдуу негиз жок деген пикирде.

Текебаев «Мегаком» компаниясы боюнча жемкорлукка барган деп шектелип, быйыл 26-февралда кармалган. Ага байланышы бар деп кийин Чотонов камакка алынган.

Эки саясатчы тең азыр УКМКнын тергөө абагында жатат.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү алардын айыбы жок экенин, кылмыш иш саясий максатта козголгонун айтып келатышат.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу