Текебаев менен Чотоновдун сотунда дагы 18 киши күбө катары көрсөтмө берет. Кийинки отурум 7-сентябрга жылдырылды

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 5-сентябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот отуруму уланууда. Отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев тергөөдөгү протоколду окуп чыгып, күбө катары суралган адамдардын көпчүлүгүнүн көрсөтмөсү жок болуп жатканын айтты.

«Эң маанилүү көрсөтмө бергендердин көрсөтмөлөрү протоколго камтылбаптыр. Чечимге болсо таптакыр эле кошулбай калган. Ошондуктан Конституциялык кеңешмени уюштурган негизги адамдарды жана Убактылуу өкмөттүн ошол учурдагы мүчөлөрүн кайрадан көрсөтмө берүүгө чакыргыла. Жалпы 50гө жакын адам келиши керек», — деди Текебаев.

Сот прокурорлордун макулдугу менен өтүнүчтү жарым жартылай канааттандырып, 18 адамдан күбө катары көрсөтмө алууну чечти.

Жактоочулар күбөлөрдү суроо үчүн башка күнгө жылдырууну өтүнүштү. Соттук коллегия чечим кабыл алуу үчүн кеңешип чыгып, 7-сентябрь күнү, саат 10:00дө улантууну чечти.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу