Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады. Текебаев жарыш сөздө 100 барак окуйт

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум болду. Анда айыпталуучулар суралып, соттук териштирүү аягына чыкты.

Чотонов бүгүнкү соттук териштирүүдө Леонид Маевский жана Алексей Модин менен Бишкекте алгачкы жолу 2010-жылдын август айынын экинчи жарымында жолугушканын айтып берди.

«Жолугушуу август айынын аягында Талант Маматкеримов аркылуу Бишкектеги кафелердин биринде болгон. «Четыре сезон» деген кафеде жолугушканбызбы же башкадабы, так эсимде жок. «Ата Мекен» партиясынын алдына шайлоого карата Москвадан колдоо табуу боюнча тапшырма коюлган. Маевский Москвадагы саясатчылар менен жана телеканалдар менен жакшы мамиледе экендигин айтканынан кийин ушул тууралуу сүйлөштүк, «Мегаком» жана 1 миллион доллар боюнча эч кандай сөз болгон эмес. Анан мен Текебаевге кирип «анын мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып, жакында Москвага баратасыз, сүйлөшүп көрүңүз» деп сунуштагам. Кийин Текебаев Москвага барганда ал тосуп алды», — деди.

Ошондой эле ал өз сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев аны убагында Өзбекстандагы туугандарынын бирине окшоштуруп аябай жакшы көргөнүн кошумчалады.

«Убактылуу өкмөттүн курамы түзүлүп, мен да ага мүчө болгом. 7-апрель күнү Курманбек Бакиев Жалал-Абадга качып кеткенден кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон адамдар түнкү саат 12ден кийин Ак Үйдөн чыгып Алмазбек Атамбаевге бардык. Ал «Форумдун» имаратында отурган экен. Ал жерден абалды кантип жөнгө салуу боюнча сүйлөштүк. Атамбаев мени Өзбекстандагы агасына же инисине окшоштурарын айтып, мени жакшы көрчү. Анан айтып калды «сени Ошко губернатор кылалы» деп, мен «Сооронбай Жээнбеков азыр Ошто экен, ошол болом деп жатыптыр» десем, Өзгөчө кырдаалдар министри бол деп сунуштады. Анан ушул кызматка келип калдым. Ушул жашыма келип мен эч качан пара талап кылган эмесмин. Алганга мүмкүнчүлүк болуп турганда да алган эмесмин. Мен албагандарды башкалар алып, азыр байып, ар кайсы кызматта отурушат. Мен таза иштеп келген кишимин», — деди Чотонов.

Ал эми Өмүрбек Текебаев жарыш сөзгө даярдануу үчүн соттон убакыт берүүнү суранды. Анын жактоочусу Канат Хасанов «2 жума убакыт бериңиз. Текебаев жарыш сөздө 100 барак окуйт. Биз аны жазып жетишпейбиз» деди.

Сот тараптардын макулдугу менен сотту 9-августка жылдырды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев «Мегаком» иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу