Текебаев менен Чотоновдун жубайлары алар менен жолугуша албай жатканын айтышууда

Абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жубайлары алар менен жолугуша албай жатышканын айтышты. Жолугушууга макулдук алуу үчүн Айгүл ТекебаеваБишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина ВоронцовагаЧынара Чотонова ишти карап жаткан соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиевге кайрылган.

Чынара Чотонованын айтымында, акыркы жумадан бери алардын арызына жооп боло элек. «Мен ишти карап жаткан соттук коллегиянын төрагасына, Айгүл Текебаева шаардык соттун төрайымына кайрылган. Тилекке каршы, жолугушууга макулдук берилбей жатат. Ирина Воронцова убактысы жок экендигин айтып, арызды кароону дүйшөмбүгө жылдырган, бирок жооп жок. Булар уруксат бергенде гана алар камалып жаткан абак жайына кирип жолугуша алабыз», — деди Чотонова.

Ал эми Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева «Сот Момуналиев «уруксат бердим» деп кол коюп, канцелярияга өткөрүп бергем деди. Канцелярияга барсак шаардык соттун төрайымы Воронцова мөөр басмайынча уруксат бере албайбыз деди. Балдарыбыз окууга кетмек. Бир айда эки жолу жолугууга уруксат берилиши керек болчу. Бирок көптөн бери «жок» же «ооба» деп жооп кылыша элек», — деп билдирди SUPER.KG порталына.

Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантууда.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу