ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВДУН ЖАЗА ӨТӨӨ МӨӨНӨТҮ 4,5 ЖЫЛ

Кечээ, 16-августта “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 8 жылга, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган.

Маалыматтарга ылайык, эки саясатчы тең 4,5 жыл жаза мөөнөтүн өтөшөт. Себеби “Кыргыз Республикасынын 2014-жылдагы БУУнун Адам укуктары декларациясынын 65 жылдыгы жөнүндө” мыйзамына ылайык Текебаевге жана Чотоновго чегерилген жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылат. Ошондой эле алардын СИЗОдо отурган ар бир күнү эки күн болуп эсептелет.

Биринчи Май райондук соту Эрнис уулу Айбек чыгарган өкүмгө ылайык, алардын мүлктөрү конфискацияланмай болду. Мындан сырткары айыпталуучуларга абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу