Текебаев менен Салянованын адвокаты лицензиясынан айрылуу коркунучунда

Текебаев менен Аида Салянованын адвокаты Чинара Жакупбекова Бишкек шаардык сотунун судьясы Адиса Момуналиевадан процесс учурунда алган аныктамага
арызданды.
Белгилегендей, аныктама сотко баш ийбегени үчүн берилген. Бул жалгыз аныктама эмес. Шаардык соттун судьясы Ирина Воронцова дагы Чинара Жакупбековага
Салянованын ишин карап аткан учурда аныктама чыгарган. Адвокат ага дагы арыздануу ниетинде турат.
Белгилей кетсек, эгер судьялардын аныктамаларынын бири гана жокко чыгарылбай күчүндө калса, адвокат адвокаттык лицензиясынан ажыратылышы мүмкүн.

Булак: sayasat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу