ТЕКЕБАЕВ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА ТЕСТТИ 10-АВГУСТТА ТАПШЫРА АЛАТ

Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил боюнча тестти 10-августта тапшыра алат. Бул тууралуу БШКнын жумуш тобунун мүчөсү Кайрат Осмоналиев массалык маалымат каражаттарына  билдирди.

Осмоналиев:”Сот айыпталуучунун тест тапшыруусуна укук берсе, бул нерсе сөзсүз ишке ашат. Ал үчүн айыпталуучу сотко арыз менен кайрылуусу керек. Биз иши тергелип жаткан талапкерлердин арызын эске алуу менен өз көз карашыбызды билдирдик. Ошондой эле шайлоону уюштуруучу эң негизги орган катары сотко жана укук коргоо органдарына мындай кырдаалда чечимди сот кабыл алышы керек экендиги тууралуу түшүндүрмө бердик”,- деди.

График боюнча алгач тестти Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Арстанбек Абдылдаев тапшырмак. Бирок Текебаев  соттук териштирүү аяктай электигине байланыштуу  ага  тест  тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилген жок.

Экзамендин жыйынтыгынын негизинде Темир Сариев 81,8 балл, Назарбек Нышанов 74,5 балл алган. Арстанбек Абдылдаев 61,2 балл алды.

Белгилей кетсек, бүгүн 26-июлда президенттикке талапкерлердин алгачкы тобу кыргыз тили боюнча сынак тапшырды. Сынак  “Кыргызтест” борборунда өттү.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу