ТЕКЕБАЕВ, КЕЛДИБЕКОВ ЖАНА ЖАПАРОВ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДОН ЧЕТТЕТИЛЕБИ?

Шайлоо жакындаган сайын президенттикке талапкерлердин саны күн санап өсүп, шайлоо тууралуу ар-түрдүү пикир билдиргендер четтен чыгууда. Коомчулукту түйшөлтүп, көп талкуу жараткандар Өмүрбек Текебаев, Ахматбек Келдибеков жана Садыр Жапаров болууда.

Жогоруда аты аталган 3 саясатчы президенттик шайлоого талапкер катары катыша алабы жокпу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов маалымат жыйыны учурунда өз пикирин билдирген.

Анын айтымында, алгач талапкерлигин көрсөтүп жаткан адамдын макулдугу керек.

“Жогорудагы үч жаран тууралуу айтсам, биз алар боюнча ИИМден справка алабыз, жана тиешелүү сот чечимдерин, андан соң гана ишти улантабыз. Мыйзамдын 3-беренесинде соттуулугу жоюлбаган адам шайлоого катыша албайт”,-деген Бегматов.

Бирок эгер мыйзам бузуу жок болсо демек талапкер каттоодон өтөрүн кошумчалаган БШКнын төрайымынын орун басары.

Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу президенттикке талапкерлигин коеру тууралуу БШКга арыз берген. Учурда Текебаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумдар жүрүүдө. Анын жактоочулары жана Текебаев өзү дагы сот ишти чагылгандай тездик менен карап, эптеп эле Текебаевди шайлоого катыштырбоо үчүн болгон аракетин жумшап жатканын билдиришүүдө.

Ал эми Ахматбек Келдибековдун соттолгону, мыйзам боюнча үстүбүздөгү  жылдын 8-ноябрь күнү алынышы мүмкүн экени тууралуу кептер айтылып келет. Демек, Ахматбек мырзаны БШК каттоого албай коюусу толук ыктымал.

Ал эми Садыр Жапаровдун президенттикке талапкерлигин коеру тууралуу жазган арызын БШК кабыл албай, бийлик тарабынан бут тосуулар болуп жатканын анын жактоочулары айтып чыгышкан болчу.

“Жапаров өз колу менен президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз жазып берген. Ал катты БШКга алып барышканда Жапаровдун ишеним каты керектигин билдиришкен. №1-СИЗОго барып, ишеним кат алып берүүнү суранганбыз, бирок алар а сотко жиберип коюшту. Сот болсо жооп берүүдөн баш тартууда”,-деген жактоочу Шарабидин Токтосунов.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу