Текебаев жарыш сөзүн аяктады

«Ата Мекен» партиясын лидери Өмүрбек Текебаев соттук отурумдагы жарыш сөзүн аяктады.

Ал өз сөзүндө мамлекеттик айыптоочулардын койгон айыптарын, келтирген далилдерин жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн туура эместигин айтты. Анын өткөн жума күнү башталган жарыш сөзү 27 саатка созулду. Эми анын жактоочулары жарыш сөздү улантат.

Эске салсак, Башкы прокуратура ушул жылдын 25-февралында Өмүрбек Текебаевге карата «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага тиешеси бар деп мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов дагы камакка алынган.

Мамлекеттик айыптоочу соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялап, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка аралаштырбоону сураган.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу