Текебаев Атамбаевдин өзү тууралуу айтканына жооп берди

Кыргызстандагы бир катар саясатчылар, мурдагы өкмөт башчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, фракция лидерлери, укук коргоочулар “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен ал дарыланып жаткан ооруканага барып жолугушту.

Абактагы саясатчы жолугушуу учурунда “Азаттыктын” суроосуна жооп берди. Саясатчы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандарын башкача түшүнгөнүн билдирди.

— Көпчүлүгү Алмазбек Атамбаев каматып койгонуна өкүндү деп ойлоду. Мен башкача түшүндүм. Алмазбек Атамбаев “элдин абакка каматканга чейин жана андан кийинки мамилеси кандай болгон” деп айтты. Ал рейтинги көтөрүлүп кетти деп эле кейип жатат. Ал Текебаевди түрмөгө отургузбай, Саляновадай, Чудинов, Ташиевдей кылып соттоп, бирок айып салып чыгарып койсок рейтинги, бедели түшмөк, бирок элдин колдоосуна ээ болбой калмак эле деп өкүнгөндөй болду. Бирок тагдыр өзүнчө чечет эмеспи, кандай болсо ошондой болду.

10-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалына маек куруп, “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин маселеси боюнча пикирин билдирген. Ал Текебаевге чара туура колдонулганын, ошентсе да өкүнүп калганын айткан.

“Мыйзамды бузуп, каматпай эле койсом болмок окшойт. Бирок мыйзам боюнча чара туура колдонулган. Миллиондун алынганы чын”, — деген эле Атамбаев.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген негиз менен былтыр февраль айында камалышкан.

2017-жылдын августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Коррупция» беренеси менен соттолгон эки саясатчынын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Текебаев менен Чотонов жана алардын тарапкерлери дооматтардын баарын четке кагып, Атамбаев баштаган ошол бийликтин «саясий курмандыгы» болгонун айтып келишет.

Саясатчылардын камакка алууда негизги күбө болуп берген орусиялык Леонид Маевский 17-ноябрда Москвада «опузалап акча өндүргөн» деген кине менен кармалган.

Бүгүн, 22-декабрь Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү. Ал бүгүн 60 жашка толду. Саясатчынын туулган күнүн партиялаштары, тарапташтары Бишкекте жана Жалал-Абадда белгилешти.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу