Текебаевди каматканына Атамбаев өкүнүп, Жээнбеков күнөөнү мойнуна илип ойлонуп отурат…

7-апрель күнү апрель революциясынын 9 жылдыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал “мени кээ бир саясий оппоненттерим “Атамбаев оппоненттерин куугунтуктаган, аларга мыйзамсыз иш козгоп түрмөгө отургузган, репрессия кылган” деп айтышат. Эгер, чын эле ошондой болсо ошол ишти козгогон Индира Жолдубаева Бишкекте, Абдил Сегизбаев да, ишти тергеген тергөөчүлөр да Бишкекте. Эгер, алар мыйзамсыз камалышкан болсо эмнеге аларды жоопко тартпайт, эмнеге сот актаган жок. Ошондуктан, бул жалган жалаа” деп саясий туткундардын тагдырын президент Сооронбай Жээнбековго оодарып койду.

Мындан бир нече кун мурун экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” маек берип жатып, “Текебаев мыйзамсыз камалганын бардык саясатчылар айтып чыкты, айтпаган адам калбады. Эмнеге, бүгүнкү бийлик бошотпой жатат, түшүнүксүз. Ал Жээнбеков президент болгондон 1.5 жылдан бери түрмөдө отурат. Бүгүн Атамбаевге да бирдеме дей албай калдык” деп таң калган оюн айтты.

Текебаев, Чотоновдун күнөөсүз экенин Кыргызстан гана эмес эл аралык коомчулук да билип бүттү. Бул боюнча АКШ өкмөтү өз билдирүүсүн жасады. БУУнун адам укугу боюнча комитети бул ишти жакында караганы турат. Кыргызстандагы жарандык коомдун лидерлеринин бири, Текебаевди көп сындап жүргөн Эдил Байсалов да өзүнүн адилет оюн айтты. Ал “Текебаев жакынкы күндөрү акталып, Жогорку Кеңешке келиши керек. Анын орду жоктолууда. Учурдагы саясий абалда анын тапкычтыгы, тажрыйбасы, деми керек” деп эсептейт.

Текебаевдин күнөөсүз камалганын анын элдешкис душмандары да айтып келет. Экс-президент Курманбек Бакиев бир жыл мурунку интервьюсунда Текебаевди жөн жерден камап коюшканын ал да айткан. Атамбаев болсо буга чейин Текебаевди каматканына өкүнөрүн бир эмес, эки ирет билдирген. Депутат Рыскелди Момбеков “Атамбаев 6-апрелдеги КСДПнын съездинде да Текебаевдин камалышына токтолду” дейт.

Кыргызстандагы саясатчылар, коомдук, эл аралык уюмдар “Атамбаевдин тушунда саясий куугунтук жүргөн, саясий туткундар бар” деп айтканына карабастан, саясий туткундар акталган жок. Демек, Атамбаевди күнөөлөгөнгө эч кандай документ жок. Сталинди күнөөлөш үчүн КПССтин 20-съездинде репрессиялар жөнүндө айтылып, репрессия болгондорду акташкан. Бүгүн “Атамбаев оппоненттерин коркуткан, куугунтуктаган, камаган” деп айтканыбыз менен Сооронбай Жээнбековдун убагында алардын бирөөсү акталбаса, иштери адилет каралбаса, Атамбаевдин айтканы чын болуп кала берет. Ошондуктан, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна “Атамбаевдин көчү уланып жатат” деп айтты.

Текебаев менен Чотоновдун ак жерден камалып жатканы кыргыз элине гана эмес, дүйнөгө белгилүү болуп, Кудайга да жете турган болду. Кудай деген ажобуз сот ишине аралашпасын, бирок, бул иш дыкат кайра тергелип, кайра каралып чыгышын камсыз кылыш керек. Тозокко түшө турган соттор менен күнөөнү тең бөлүшпөш керек…

Динар Турдугулова

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу