“Текебаевдин “MegaComго” тиешеси жок экенин Куранды кармап туруп айта алам”

Бүгүн,4-июнда Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул
Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө

Отурумда “Магаком” компаниясынын жетекчиси Азат Базаркулов сурак берүүдө.
Азат Базаркуловдун айтымында, ал Талант Мамткеримов менен жолуккан.
Талант Маматкеримов Дүйшөнкул Чотоновдун тууганы болом деп айтып, “Мегакомдун” акциясын
сатып алууга кызыкдар адамдар бар экнегдигин айткан. Бирок, ал адамдар ким экендигин айткан
эмес. Миллион жөнүндө мен Абдрахмановдун берген маегинен билдим. Мен Алексей Модин менен
жолукканымды мойнума алам. Бирок, июль айындабы же августтабы эсимде жок”,-деп билдирди Азат
Базаркулов.

Өмүрбек Текебаев күбө даталарды алмаштырып жаткандыгын белгилеп, күбө Базаркулов айткан
даталарда Модин Кыргызстанда болгон эместигин айтты.

Эскерте кетсек, “MegaCom” ишканасынын жетекчиси Азат Базаркулов Куранды жана
Библияны кармап туруп, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин
“MegaComго” эч кандай тиешеси жок экендигин айтууга даяр экенин билдирген эле.

Кызык, Өмүрбек Текебаев камала электе Өмүрбек Текебаевдин “MegaComго” эч кандай
тиешеси жок экендигин айтууга даяр экенин билдирген адам эмнеге көрсөтмөсүнөн
адашып жатат

Булак: Факт.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу