Текебаевдин үнү Кудайга жеттиби?

Өмүрбек Текебаев камакка алынып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилгенде бир чети душман көзүнө, бир чети адамгерчилик үчүн Жогорку Кеңештеги партиялардын фракция лидерлери, айрым депутаттар ал-абалын сурап кирип чыгышкан. Жалгыз Өмүрбек Бабанов барган эмес. ошондо Өмүрбек Текебаев «Өмүрбек адашым эмнеге келген жок, бир көрүп кетсе, кийин өзүнө жакшы болмок» деп тамаша-чыны кылып айткан. Мындай сөздү бекер айтпаган окшойт. Балким Кудай оозуна сала бердиби, айтор Текебаевдин какшык аралаш кыйытканы жакынкы айларда аткарылып калышы мүмкүн болуп турат. Бабанов Сапар Исаковго байланыштуу КСДПга каршы чабуулга өтүп, эми өзү тийишкен бала ыйлабайт дегендей, тиешелүү жооп алганы калды. Темир тор жыттана баштадыбы?..

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу